www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаев кандай болбосун азыркы бийликтен өч алуунун амалын көрүп, бул үчүн баарына даяр экенин тастыктоодо. Бийликте турганда өзү куугунтукка алган саясатчыларга да жуучу жиберип, аларды бал тилине салып арбап көргөн. Бирок, АШАнын куугунтугуна кабылган көпчүлүк саясатчылар ага “ортоңку манжасын” көрсөтсө, акчага “муктаждары” аны менен биригүүгө макулдугун берген. 

Мындай саясатчылардын катарында Равшан Жээнбеков менен Адахан Мадумаров бар экени ачыкка чыгып калды. Буга чейин Мадумаров АШАдан 100 миң доллар алып, Москвадагы кыргыздарга жолугуп келсе, Нарындагы митинг үчүн 50 миң доллар алганын маалымат каражаттары жазып чыкты. Ал эми Равшан Жээнбеков менчик каналы менен Атамбаев заказ кылган материалдарды чыгарып, АШАнын “калтасын” бир топ кагып жатканын эшиттик. 
Айтор, Мадумаров менен Равшан Жээнбеков экөө Алмазбек Атамбаевдин короосунан өтө тез-тезден жолугуп, анан бири-бирин көргөндө экс-ажону кызганып да кетип атышат экен. Ошондон улам ат тезегин кургатпай ага катташып, капчыктарын калыңдатып алып, анан кайра анын берген тапшырмаларын аткарыш үчүн «аттанып» чыгып атышыптыр. 

Көрсө, экс-президент А. Атамбаев бийлик, мансап, байлык дегенде жантыгынан жата калган бул экөөнүн эбин таап койгон экен. Адахан мырзаны «Сен менин айтканымдай аракеттерди кыла берсең, бүгүнкү бийликти кулатып, сени президент кылам» десе, Равшан мырзаны премьер-министр кылам деп көңүлүн көтөрү коюптур. Мындай «щедрыйлыкка» катуу толкунданган экөө АШАнын алдында жүгүнүп турушат экен. Анан дагы аларга экс-ажо Атамбаев Бабановду аябай жамандап атканын эшиттик. Мындай көрүнүш дагы аттары аталган экөөнө майдай жагып атса керек.

Булак: Трибуна https://www.facebook.com/groups/1412264215689407/

 

 

 

Последние новости