www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызыл-Омпол уран кенинин тегерегиндеги ызы-чуунун арты менен дагы башка жаңы жагдайлар ачыкка чыга баштады. Эң негизгиси – «Бирөөгө ор казба, өзүң түшүп каласың» деген учкул кептин чындыгы билинди. Тактап айтсак, экс-ажо Алмазбек Атамбаев өзүнүн учурунда уран кенин чалгындоого лицензия берип коюп (Кызыл-Омпол уран кенин), анан аны бүгүнкү бийликке шылтап, элди митингдерге чыгарып, каржылап, уюштуруп аткан эле. Кыязы, ушундай жол менен бүгүнкү бийликти коркутуп, же элди көтөрүп бийликти кулатам деп ойлосо керек.
Бирок, ал «чылпагын алам деп, көзүн чукуп алгандай» болуп калды. Башкача айтканда, Атамбаевдин алты жылдык доорунда Кызыл-Омпол менен кошуп эсептегенде Кыргызстанда уран ткенин чалгындоого жалпысынан 20 лицензия берилген экен. Ошол 20 лицензияны 15 компания алган. Демек, айрым компаниялар 2-3төн лицензия алган.
Мисал келтирели, "Кызылсуу Кек" мекемеси Орусбулак участкасында (аймагы көрсөтүлгөн эмес), "Примера Групп Инк." акционердик коому Ак-Суу районундагы Сары-Жаз участкасында, "Аян Инвест" фирмасы Ысык-Ата районундагы Ат-Жайлоо участкасында, "Ант Компани" Токтогул районундагы Такталык аянтында, "Экслибрис Групп” фирмасы Жети-Өгүз районундагы Сарысай аянтында, "Артыбаш" фирмасы Баткен менен Лейлек райондорунун кесилишинде жайгашкан Мадыген аянтында уран чалгындоого уруксат-кагаздарын алган.
"Карасай Кен" аттуу жоопкерчилиги чектелген коомунда эле беш лицензия бар. Алар Алай районундагы Комсомол, Икезяк жана Каргыш тилкелеринде, Баткен районундагы Ескей тилкесинде жана Чаткал районундагы Чийимташ тилкесинде уран чалгындоого уруксат алган.
Айтор, мына ушул маалыматтар менен Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин сайтындагы атайын маалымат бөлүкчөсүнөн кеңири таанышып алсаңыз болот.
Демек, А. Атамбаев байлык топтош үчүн уран кендерин дүңүнөн чалгындоого берип, элибиздин ууланып калышы мүмкүн экендигин таптакыр эсине албаган тура. Эми буга бүгүнкү бийлик мыйзам алкагында тийешелүү чара көрүшү керек.