www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаев камактан чыккандан кийинки алгачкы маегинде «Кемпир-Абад» иши боюнча берилген суроого жооп берип өттү.

«Мен бийликтин кошуна Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүүгө болгон аракетин түшүнүп турам. Бул Тажикстан менен болгон мамилени эске алганда, аябагандай маанилүү жана чечүүчү кадам болуп саналат. Чынында кубандыра турган иш. Бирок, эч кимди камакка албай, башка ишеничтүү ыкма менен чечсе да болот эле. Себеби, кимдир бирөөнү ушундай мотив менен камаганда, элдер «буларга эч нерсе таппай, ушул ишти шылтоолоп камады», - деп ойлоп калат. Чек араны бекемдөө, тактоо чечими - бул тарыхый чечим. Азыркы учурда өзбек туугандардын президенти Каримов эмес, Мирзиеев болгону да эки элдин досчулук мамилеси үчүн жакшы. Мен билем, Шавкат Миромонович кыргыз элин сыйлайт», - деп билдирди мурдагы өлкө башчы.

Эскерте кетсек, буга чеийн Бишкек менен Ташкент чек ара маселесине чекит коюшкан. Кыргыз мамлекети талаш жерлердин баарын алса, Өзбекстан - «Кемпир-Абад» суу сактагычын. Ошону менен бирге, массалык камакка алуулар жүрүп, отузга жакын саясатчы, активист, журналисттер «Бийликти басып алууга даярдык көрүү»  боюнча айыпталып камалышкан.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости