www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөндө экс-президент Москвага учуп кеткенде айрымдар аны “качты, эми келбейт, мурдагы шоопуру Икрамды өзү каматты, өзүн коргоп калуу үчүн В.Путин менен жолугат экен”,- деген сөздөрдү чыгарып жиберишкен.
Баарынан да экс-президенттин самолёттун бортунда кокусунанбы же атайылаппы, айтор Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев менен жолугуп калып, ага улук башын кичүү кылып өзү озунуп кол сунгандыгы окуяга ого бетер кара боёк сүртүп койгон. Бул “жолугушуу” жана алардын “селфиси” тууралуу Нариман мырза Фейсбукта бир аз маалымат берип, үч жарым саат сүйлөшүшкөнүн, кеңири кийин айтып берерин да жазып жиберген.
Ал эми расмий түрдө Алмазбек Атамбаев жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) “экс-президент Орусияга жеңесинин тажиясына жана Москвада өтчү Азия, Африка жана Латын Америка өлкөлөрүндөгү саясий партиялардын эл аралык жыйынына катышканы кетти” деп түшүндүргөн.
Бирок, ушундай имиш, ушактарга карабай экс-президент Алмазбек Атамбаев өлкөгө кайтып келди. Бул тууралуу Социал-демократиялык партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева кабарлады.
Анын айтымында, Москвада өткөн Азия, Африка өлкөлөрүнүн саясий партияларынын ассамблеясына катышкан соң Атамбаев баш болгон Социал-демократиялык партиянын делегациясы Бишкекке келди.
Демек, В.Путинге жолуккандыгы тууралуу бир ооз да сөз жок. Чындыгында деле ошондой болуш керек. Себеби дүйнөдөгү № 1 саясатчы аталган, килейген державанын президенти кызматтан кеткен, жөн эле кетпей, ит талагандай абалда жүргөн бекерчини кабыл ала бергидей кылаарга иши жокпу?
Булак: “Майдан. kg”