www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн «түкүрүккө батканы» жалпы элибизди нааразы кылды. Ошого катар «Кытай» нааразычылык акциясы да көпчүлүктүн көөнүндө турат. Премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев өз милдетин так аткара албай, коомчулукка жек көрүнгөн фигурага айланды. Саясатчы РавшанЖээнбеков ага «президенттин жардамчысы» деген жарлык такты. Туура. Себеби, деңгээли ошол чекти гана көрсөтүп турат.

Келечекте өкмөт экономиканы көтөрүп, өндүрүштү өркүндөтүп жиберери күмөн. Ишеним, үмүт бере алган жок. Тескерисинче, күнүмдүк көйгөйлөр менен «бок-жини» аралашып аткандай элес жаратууда. Учурда саясатты жакшы түшүнгөн мекендештерибиз Абылгазиевдин арымы алыс кетпей калганын билип калышты. Жазга карай жаңы өкмөттүн келиши жөн жерден Акүйдө айтылып атпаса керек, туурабы? Кызыгы, кандай саясатчы премьер-министр болот? Ал кийин баш оору жаратпайбы? Бул да өзүнчө чоң суроо.

Ансыз да саясый күчтөрдүн чыңалуусу жазга карай толкун жаратарын байкап атабыз. Кырдаалга кедерги болчу саясый көйгөйлөр чечилген жок. Маселен, ошол эле ӨмүрбекТекебаев, Дүйшөн Чотонов, Садыр Жапаров, БекболотТалгарбеков, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнист Карыбеков ж.б. «саясый туткундарды» бийлик өзүнө каршы кылбай, мурда эле чыгарып жиберсе эп болмок. Экс-президенттин душмандары болчу да. Булардан сырткары коррупцияга шектелген Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Кубанычбек Кулматов, Осмонбек Артыкбаев, Албек Ибраимов, Икрам Илмиянов, Айбек Калиев, Адамкул Жунусов, Дүйшөнбек Зилалиев, Салайдин Авазов ж.б. экс-чиновниктердин чиеленген тагдырлары кандай болот? Туруктуулукту бузууга коррупцияга айыпталгандардын да таасири тийиши ыктымал. Андан сырткары, качып жүрүшкөн Өмүрбек Бабанов, Мелис Мырзакматов, Аскарбек Шадиев сьюктуу олигархтар да сыртта жөн жатышмак беле? Чыракка май тамызууга кызыкдар болушса керек. Ошентип, камалгандар,

куушуп-сүрүшкөндөрдөн сырткары «майлуу токоч» күткөндөр, өздөрүн «саясый элита» аташкан жоон топ «экстердин» армиясы бар. Алар учурда «кызмат алсак, же балдарыбызга карьера жасасак» деп ач күсөндөрдөй тизилип турушат. Баарына «устукан» жетмек беле? Акыры алардын деле супсундары сууп, нааразычылык тараптарга ыктап кете беришет. Айтор, бийликке ыңгайсыздык жарата турган, келечекте оппозицияньш талаасын ээлей тургандардын тизмеси узарат. Парламент депутаттарынын жүздөрүн көрүп келатабыз, кечээ Алмазбек Атамбаевге жүгүнүшсө, бүгүн Сооронбай Жээнбековдун жетегинде калышты. Президенттерди сатып көнгөндөр кайрадан эски «ит ооруларын» карматпасына ким кепилдик берет? Эч ким!

Ооба, бир чети өкмөт тың иштеп кеткенинде көп көйгөйлөр байкалбай калмак. Кадр саясаты оңолбой келет. А бул Абылгазиевдин тагдыры арасат абалда. Эл дагы көнүп алды, бирдеме болсо митингге чыгышат, талаптарын коюшат, бийликти артка чегинтүүнүн кыныгын алышууда. Мындай шартта Сооронбай Жээнбеков эл шайлаган президент катары айкөлдүгүн көрсөтүп, Алмазбек Атамбаевге «Ак Шумкар» өзгөчө ордени менен Кыргыз Эл Баатырын ыйгарып, мамлекеттин туруктуулугу үчүн кадам жасап койсо, арканды алыска ыргыткан болмок. Ооба, айлана-сындагы топтор каршы болушуп, «Атамбаевди камаш керек» деп жатышкандыр. Экс-президенттин кылмыш иштери болсо бир жылдан бери ачыкталмак да, азырынча эч кандай факты жок. Андыктан, майда-барат таарынычтарды жыйыштырып, биринчи президент Жээнбеков кол сунуп, өзү убада кылган Кыргыз Эл Баатырын Атамбаевге ыйгарса, бул жаңылыш кадам болбойт. Карапайым калкыбыз да акыры туура түшүнмөк. «Эрегиштен эр өлөт» дегендей, «эки дөө» тиреше берсе, аягы жакшылыкка алып барбайт. Кечиримдүүлүк, айкөлдүккө баруу менен алдыдагы саясый кризистерди жокко чыгарууга жол ачылмак. Жарашкан күндө деле Атамбаев азыр Жээнбековдун ишине кийлигише албайт. Элдешүүнүн жүгү жеңил эле, ага болгону эрк керек. Тоңгон музду эритүүгө мезгил келди. Элдин тынчтыгы үчүн...

Кубат Карачев

Булак: "Азия Ньюс"

Последние новости