www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин директорунун орун басары, ЖК жыйынына свитерчен келген Талантбек Тынысов тууралуу талкуу дале уланууда. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынгандан кийин финансы-экономикалык бөлүмүнүн жетекчисинин кан басымы көтөрүлүп, үйүнө суранып кеткен жана телефонун өчүрүп койгону маалым болгон.

Кызуу талкуулардан кийин вице-спикер Мирлан Бакиров кабинетинде ЖКнын журналисттерине айтканын, Тынысовдон кечирим сурамыш болгонун коомчулук кабылдаган жок. Аны «деңкейген абалда кечирим сурамыш болду» — деген сындар көп болду.

Ал эми кечирим тууралуу ойлонуп да койбогон депутат Алмаз Токторовго карата коомчулукта мандатын тапшырсын деген ой-пикир, талаптар көп айтылып жатат. Негизи эле эки депутат бул маселе боюнча коомчулук тарабынан катуу сындарга кабылды. Эми алар тизелеп кечирим сурашса да, аздык кылаар.

Булак: "Багыт"
 

Последние новости