www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2015-жылы Бажы биримдигине кирип жатканда “жыргайбыз, илгерки союз убагындай биримдимдикке кирген беш өлкө ичинде сайраңдайбыз, тайраңдайбыз” – дедик эле. Болбой калды. Бирок, ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев ошентип эле сүрөттөп берген.

Анын ордуна эмне болду? Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө пункттар мурдагыдан дагы тыкыр көзөмөлгө алына баштады. Жада калса, 2017-жылы Бажы биримдигинин принцибине карабай экономикалык блокадада калдык, эсиңерде болсо. Россияга бизден кеткен айрым продукцияларыбызды орустар кайра артка кайтарганын койгон жок. Эмгек мигранттарына жеңилдик болот, кыргыз мигранттары өзүлөрүн орус жаранындай эле сезишет деди эле, жыргап кеткен бирөөнү көргөн жокпуз. Белорусия, Армения менен болсо ишибиз деле жок.

Андан көрө Евробиримдик менен иш кылышыбыз керек эле. Эске салсак, ВСП+программасы боюнча Кыргызстан Евробиримдикке 90 товардын түрүн бажы төлөмсүз өз продукцияларын ташый алат. Азыр дагы ошондой. Бирок ага дагы көнбөдүк. Себеби эмнеде? Себеби, эгемендүүлүгүбүз жок. Кыскача түшүндүргөндө ошол кездеги жетекчилерибиздин аң сезиминде эгемендүүлүк болгон эмес.

Эми жаңы жылдан кийин чет элден келген автоунааларга бажы төлөмү 10 эсе көтөрүлөт деп жатат. Бул эмне деген шумдук? Бажы биримдигине кирип алып, эмне десе ошону кылып отура беребизби? Өз алдынча кыймылдай албайбызбы? Армения деле ушул бажы биримдигинде. Айрым бажы биримдигинин мыйзамын “уруп ойнобойбуз” – деп эле азыр чет элден келген унааларга бажы төлөмү эң төмөн өлкө Армения болуп жатпайбы! Себеби, алар билет - Европа, Америка, Япония жана Россиялык автопромдун айырмасын! Ким кыңк этти?

Ушул бажы биримдигине кирип жыргай калабыз деген мурдагы президент Алмазбек Атмабаев, ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев, ошол кездеги парламент спикери Асылбек Жээнбековду жоопко тартыш керек. Анткени, кайсыл бир уюм, биримдикке кирээрден мурун референдум өткөрүп, элдин оюн билиш керек эле. Коомдук угуу өткөрүп коюп, аны өз билемдик менен бурмалабай! Ал эми азыркы өкмөт "алар кылды эле дебей, кечээ кеч болуп калды, бүгүн оңдойлу" - дей турган заман келди...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости