www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 10-октябрда орусиялык алпаруучу Андрей Малахов Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине барды. Бул тууралуу мигранттарды колдоо фондунун директору Тимур Саралаев жеке баракчасына жазды.

Ал Малахов менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, алып баруучу өткөндөгү окуя ага чоң сабак болгонун моюнга алганын, Кыргызстан менен кызматташкысы келип жатканын элчиден суранганын жазган.

Ал эми элчилик бул боюнча азырынча билдире элек.

Эске салсак, 24-сентябрь күнү Андрей Малахов «Прямой эфир» көрсөтүүсүндө “бул жол кырсыгы кокустук эмес, буюртма киши өлтүрүү болушу мүмкүн” деп айтып, “10 долларлык айлыкка иштеген кыргызстандыктар 100 миң доллар үчүн баардык нерсеге даяр” деген эле. Кыргыз жарандары кечирим суроосун талап кылышкан. Кийин Малахов берүүсүндө айткан сөздөрү үчүн кыргыз тилинде кечирим суроого аргасыз болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости