www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин соттук иши жабык түрүндө өтүшү ыктымал. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев маалымдады.
Учурда Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча Алмазбек Атамбаевге бир эпизод боюнча кылмыш иши козголгон, калган 14 иш боюнча ал шектүү экендиги тууралуу билдирме жөнөтүлгөн. Белгилүү болгондой, Атамбаев Батукаевдин иши боюнча көрсөтмө берүүдөн баш тартып, башка айыпкерлер менен бетме-бет кезигүүгө (очная ставка) барбай жатат.
Белгилүү болгондой, "мыйзамдагы уурунун" иши боюнча соттук кароо журналисттерсиз өтөт. Эң эле кызыгы, ал териштирүүгө мурдагы ажо дагы катышуудан баш тартып жатыптыр. Эми судья Эмил Кайыпов негизги айыпкерсиз соттук кароону кантип өткөрөт, азырынча белгисиз.
Эске салсак, бул резонанстуу кылмыш ишинин соттук кароосу бүгүн, 15-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда башталат. Мындан мурун ИИМ кримтөбөлдүн абактан бошотулушуна Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси бар экендигин аныктап, ал башында күбө катары өтүп жаткан. 9-августта бул иш боюнча негизги фигурантка “Коррупция” беренеси боюнча айып тагылган.
Булак: NazarNews.kg