www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 14-ноябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо футбол боюнча Кыргызстан менен Япония курама командалары беттешти. Бирок, азыр кеп оюн тууралуу эмес. Оюндун коноктору тууралуу сөз кылалы деп турабыз.

Бардыгыбыз күбө болгондой, оюнга премьер-министр өзү катышып, “12-оюнчу” болуп берди. Аны беттешке коштоп “итбай-чотбайдын” калың тобу барды. Бирок эң эле кызыктырган бир фигура отурду, убагында бардыгын кыйратып койгонсуп, “довольный” түр менен. Ал ким? Ал Кыргызстанды Акаев менен мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн баштапкы жылдарында “тизелеткендердин” бири Апас Жумагулов деген чал.

Ал 1991-1993-жылдары Чүй облусунун губернатору, 1993-1998-жылдары премьер-министр, 1998-1999-жылдары “Кыргызнефтегаз” ишканасын жетектеген. Ушул жылдары кандай гана кыңыр иштер болбоду. Колхоз-совхоздорду таратышты, майлуу-сүттү ишкана жайларды менчикке өткөрүштү. Далай элди тентитти. Мына дал ушундай адамдар бир кездерде "чалагайым" коррупциялашкан системаны орнотушуп, кийин ал ийгиликтүү өнүгүп-өсүп отуруп, азыр биз дүйнөдөгү жакыр өлкөлөрдүн катарына кирген мамлекеттин кейпин кийип отурабыз.

Анан кечээ жыргатып койгонсуп жакырланткан элинин төрүнө отуруп алып футбол көрөт имиш. Премьер Абылгазиев дагы бир түшүнүкүсүз адам экен. Жанына кайдан-жайдан мындай “элиталарды” чогултуп алат? Таң калычтуу...  

Д.Өсөров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости