www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кой - Таштагы үйүн "Элдик штаб" атап, өзүнүн укугун коргомокчу болуп жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге буга чейин териштирүү максатында суракка келип берүү боюнча үч ирет чакыруу берилген эле. "Азыркы бийликте адилеттик жок, сотторго ишенбейм" - деген Атамбаев ал суракка баруудан баш тарткан болчу. Ал турсун адвокаты да барбасын айткан. Ушундан улам Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов мурдагы президент Атамбаевдин Кой - Таш айылындагы үйүнө келди.

Каниметов менен Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева жолукту. Ага тергөөчүлөр Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иштин алкагында суракка алганы келишкенин айтышты. Жолдубаева өз кезегинде буга чейин келген билдирүу каттарынын баары мыйзамсыз экенин белгиледи. Андан сырткары, Жогорку Кеңештин Атамбаевди экс - президент статусунан ажыраткан чечимин Конституциялык палатага даттанышканын маалымдады.

"Арызды  ноябрь  айында карашат.  Ага  чейин Атамбаев   милицияга   басып  да барбайт", — деди ал.

Министрдин орун басары журналисттерге Атамбаевдин үйүнө "сотко чейинки тергөө иштеринин алкагын-да" келгенин билдирди.

"Тергөө уч жолу билдирүү катын жиберди. Бирок бүгүнкү күнү Атамбаевдин өзү да, анын өкүлдөрү да суракка келген жок", —деди Каниметов.

Ал ошондой эле журналисттердин "Атамбаевди күч менен алып баруу болобу?" деген суроосуна "бардыгын тергөөчү мыйзам негизинде чечет" деп жооп берди.

Буга чейин Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттеги депутаттык комиссия койгон алты күнөөнүн бешөө негиздүү экенин ырастап, бул богонча өзүнүн корутундусун дагы билдирген.

Алар: Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз алуу, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна, акча адалдаган "Ака инвест" сыяктуу бир нече компанияга тиешеси бардыгы, Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер жана ТЭЦке көмүр ташыган компаниянын кызыкчылыгын коргоо маселеси болуп саналат.

Ушул тапта Атамбаев КойТашта Кыргызстандын ар тарабынан келген элдерди кабыл алып, майрам уюштуруп, концерт коюп жатканын анын тарапташтары байма - бай интернет булактарына тасма кылып жүктөшүүдө. Аны менен бирге азыркы бийликтин аЙрым аракеттерин сынга алып, оппозициялык маанайды да жаратууда. Кечээ Кой - Ташта Атамбаев баштаган бир топ адамдар өлкөдөгү айып пулдардын айланасында ой калчашып, айып пул Кыргызсан жашоосуна туура келбестигин айтышты. Мындай аракеттер азыркы бийликти коомго жек көрсөтүү максатында да кылып жатат дегенчелик айтышууда. Коом аны кандай кабыл алат аны убакыт көрсөтөөр, - дейт "Факты.kg".

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости