www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Ташта тарапкерлери менен жолугушкан учурда «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаевдин ишинин кайра каралышына комментарий берди. Ал «Текебаевдин иши боюнча катаал маселеге туруштук бериши керек» болгонун журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айткан. Анын айтуусунда:
- Факт сотто далилденген. Бирок ал жазасын эбак эле өтөп койгон. Мен Текебаевдин кылмыш иши боюнча катаал маселеге туруштук беришим керек эле. Анткени парламентте Текебаевдей адамдар абдан керек экендиги көрүнүп турат. Ал узурпатор Атамбаевге салыштырмалуу Сооронбайдын Жээнбековдун убагында көбүрөөк отурат,- деген Атамбаев.
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс- министр Дүйшөнкул Чотонов орус жаранынан ири суммада пара алган деген негизде 2017-жылы сегиз жылга кесилген. Муну Текебаев Атамбаевге ачык оппозицияда болгону үчүн саясий куугунтук катары баалап жүрөт.
Кыргызстандын Жогорку соту 16-июлда саясатчылардын ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароону баштаган. Бирок «иш көлөмдүү, таанышууга убакыт керек» деген негизде соттук териштируүнү 21-августка жылдырды.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»