www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бийлик тарабынан экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагыларга карата куугунтук күч алууда. Учурда анын жансакчысы Дамир Мусакеевге карата укук коргоо органдары тарабынан кысым күчөп, УКМКнын 9-кызматынын башчысы болуп турганда, кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, УКМКнын балансындагы кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деп айыпташууда. Аскер прокуратурасы соттон аны 5 жылга эркинен ажыратып, 70 миң сом айып салууну суранган. 23-майда саат 16:30да Свердлов райондук соту Мусакеевдин акыркы сөзүн угуп, анан өкүм чыгармак.
Бирок, айыпталуучунун жактоочусу отурумга келбей калганына байланыштуу процесс 24-майга саат 15:00гө жылдырылды. Ошондой эле Дамир Мусакеевге Башкы прокуратура тарабынан дагы бир кылмыш иши ачылып, «Мыйзамсыз баюуга» айыптаган. Анын тууган-туушкандарынын мүлктөрүнүн бардыгын чогултуп, араң дегенде 20 млн сомго жеткирип, ошонун негизинде кылмыш иши козголгон. Бирок бул иштин келечеги жок экендиги белгилүү. Өз учуру келгенде бул иш боюнча да жооп берчүлөр сөзсүз болоору турган иш...
Булак: "Ачык саясат"