www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кол топтоо аяктап, Атамбаев талапкер болуп катталып, агитация, шайлоочулар менен жолугушуулар башталды. Ошол жолугушуулардагы, шайлоо учурундагы айрым окуяларга токтоло кетейин. Атамбаев өзү БЭКтин лидерлерин топтоп: «Шайлоочулар менен мен өзүм жалгыз жолугам, жалгыз жүрөм, ким менен, кайсы жерге барарымды керек болсо айтам. Силер өзүңөрчө жолугушуу өткөргүлө. Азимбек досум Жалал-Абадга, Сооронбай досум Ош областына, Бишкекке Роза Исаковна, Чүйгө Иса Өмүркулов, Нарынга Алманбет Шыкмаматов, Таласка Болот Шерниязов жооптуу болуп иштеп берсеңер жакшы болот эле. Ысык-Көл, Баткенди чечтим. Калгандар Бишкек шаарында жолугушууларды өткөрсөңөр» — деди.
Жолугушууну Жалал-Абад областынан баштоону чечти. Маршрутту экөөбүз түздүк. Токтогул — Кара-Көл — Аксы — Базар-Коргон — Жалал-Абадда жолугушуу болуп, андан ары Ошко өтө турган болдук. Аксынын Кара-Суу айылында Топ-Жаңгак деген 1845-жылдары Кокондун ханы Шералы хандын жубайы Жаркынайым тиктирген жаңгак багында жолугушуу болду. Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Таш-Көмүрдөн бери эл аябай көп келген экен. Атамбаев ыраазы болду. Кайып Кенжебаев деген агай-аксакалыбыз бата берип жатып: «Алмазбек балам, мен сага ушуну менен экинчи жолу батамды берип жатам, кудаа кааласа Президент болосуң? Бул турган жериңде Шералы хан көтөрүлгөн, А. Масалиев, Д. Садырбаевдер нечен жолу түнөп кеткен айыл, эгер Президент болсоң адал, ак бол, акыйкат бийлик жүргүзүп, бей-бечараларга күйүмдүү бол» — деди. Түштөн кийин Авлетим айылына Топчукемдин үйүнө бата кылганы бардык. Анткени, анын Орозбек деген агасынын көзүөтүп, өзү айылда экен.
Кечинде Жалал-Абадга келдик. Жалал-Абад шаарынын стадионунун жанындагы менчик мейманканадан орун алып койгон экен. Ошол жерге токтодук. Жусуп Жээнбеков Атамбаевди тосуп жүргөн экен, ал эртеңки жолугушууга катыша албастыгын, Сузакта, Жалал-Абадда эл топтой албастыгын айтты, себеби эртеси Бакиев Жалал-Абад стадионунда эл менен жолугарын билдирди. Атамбаевдин ачуусу келип кетти. Ал: «Эл топтой албасаң эмне депутат болуп жүрөсүң?! Сен Жаныш Бакиевден коркосуң! Сенин намысың жок, сенин балаңды Бакиевдердин бийлиги жок кылса да унчукпай жүрөсүң!»- деп жана башка оозго алгыс, уят сөздөр менен сөгүп жиберди. Мен Атамбаевдин мындай сөгүнчөөктүгүн ошондо биринчи жолу көрдүм. Экөөнүн ортосундагы кайым айтышуу күчөп баратканынан, партиялаштар чечишип алгыла, анан келем — деп, чыгып кеттим.
Атамбаевдин ачууланганын да түшүнсө болот эле. КСДПдан депутат Кодуранова деген айым түбү токтогулдук болгону үчүн, Токтогулда эч кимди тааныбаса да, Токтогулга келип, анча-мынча тааныган туугандарын жолугушууга үндөп жүргөн. Ага салыштырмалуу Жалал-Абадда губернатор болгон, Жалал-Абад, Сузактын эли эмес, итине чейин тааныган Жусупжандын: «Мен элди топтоп бере албайм!» дегени туура эмес эле. Бакиев сузактык болсо, Жээнбеков да сузактык депутат, митингге эл топтоп жаткан жок да, мыйзамдуу Президенттикке талапкер болуп катталган талапкердин жолугушуусу да, Жээнбеков эмнеге Бакиевдерден ушунчалык коркот, — деп мен да Жусуптун жоругун жактырган жокмун. Бирок ошол эле учурда Атамбаевдин да Жээнбековду көчөдөгү «бомждой» кылып, анын жоголгон баласына чейин айтып, уят сөздөр менен сөккөнү да жаккан жок.
“МЕН — КЫРГЫЗМЫН”
(Бекназаровдун китебинен үзүндү)