www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Ынтымак болсо- ыңкылап болот»-дептир Назар аке, анан: «Кыргызстанда ажону алфавиттик тартип боюнча шайлап келатабыз» -деп сыймыктанат. Назар акенин деле айткандары жүйөөлүү, «А» тамгадан Акаев, «Б» тамгадан Бакиев, «В» тамгадан «ВП», «Г» тамгадан «Гатамбаев», эмне үчүн Гатамбаев деп талашкандар болор, ага ушул жерден Назар аке жооп берет. «Д» тамгадан Джээнбеков, «Ж» тамгадан Жапаров... Эмки «И» тамгадан мен президент болом деген адам бар. Ал түрмөдөн качып жүргөн «Исаков».
-Тобо, -дешет чет элдик прессадан: «Исаков кантип президент болот, кылмыш иши козголуп, түрмөдөн качып жүрсө».
-Кыргызстанда бардыгы боло берет, түрмөдө отурасыңбы, же түрмөдөн качып жүрөсүңбү, учуру келсе президент боло бересиң...-дептир Назар аке.
Эмне үчүн кытайлык Шао-Маонун уулу Атамбай болуп калган? Илгери Кокон хандары кытайдан ашпозчу алып келип, ошолорго тамак жасаткан мода болуп, ошого чиренишчү. Шералы хандын учурунда да бул өнөр уланган, андан тышкары баш көтөргөн аркалыктар тынчыраак жатсын деп солтонун мыктысы Чыңгыш баатырды Кокон ордосунда барымтага кармап турган. Чыңгыш баатыр Чүйгө узаарда ага ыраазы болгон хан эмне кааларын сурайт,ошондо Кытайдан келген Шао-Маону сурап ала келет. Атамбаев президент кезинде атактуу тарыхчы Кыяз Молдокасымов анын баскан изин даңазалоо үчүн Алматынын архивин казып келген. Кыяз Молдокасымов жазып жатат: «Чыңгыш бий Шаманы хан ордосунан ээрчите келип, солто элине муну эч ким басынтпай, өз адамыңардай мамиле кылып жүргүлө» -деп айткан деп. Шао-Маону кыргыздар Шама деп коюшкан. Шао-Мао уулдуу болуп атын кытайча Гао-Мао деп коюп алат, кокондук сарттар ага тили келбей «Гатамбай» деп коюшкан, солто эли кыргызча эле «Атамбай» деп койгон. Кыяз Молдокасымовдун Алматы архивинен иликтөөсү боюнча Атамбайыбы же Шао-Маобу Чыңгыш баатырдын кадыр-баркы менен он башылыкка жетиптир. Атамбайдан Ысхак деген уул туулат, Ысхактан Шаршен, андан Алмазбек. Ушул китепти окуп чыксаңар толугу менен маалымат аласыңар.
Баса, Жээнбеков президент болгондо Кыяз Молдокасымов Ташкендин архивин каза баштаган. Эми каяктын архивин казып жүргөнүн ким билет, дымы чыкпай калды. Атамбаев президент кезинде Жапаровду камап, кескилеп өлтүрүп койо таштаган. Бумеранг деген өзү жаман нерсе экен, айланып туруп өз башына келет тура. Ошол үчүн азыркы бийликтин бутун жалап тургандар да муну эстеринен чыгарышпаса, болбосо кыргыздар “келме кезек, терме тезек” деп коюшат. 2017-жылы мартта Жапаров чек арадан өткөнү келет, ал кездеги президент Атамбаев аны «тосуп», эл менен аралаштырбоого УКМК жетекчиси Сегизбаевге катуу көрсөтмө берет. Ошол буйруктун негизинде ал колго түшүп камалат. Аны жөн камабай кызыл уук кылып сабатып, жалаңкычтардын колуна салып берип кескилеп салат. Ал эми ал кездеги президент Атамбаев таңылып, оролуп жаткан Жапаровдун сүрөтүн көргөндө табасы кана каткырып күлөт. Окуя мындай болгон.
Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында 2013-жылы Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы менен митинг болгон. Ошол кездеги облус жетекчиси Эмилбек Каптагаев митингчилер менен жолугушууга келгенде аны акция катышуучулары барымтага алып, бир нече саат унаа ичинде кармап турушкан. Ушул ишти уюштурган катары жалаа жабылып Садыр Жапаров айыпталган. Садыр Жапаров 2013-жылы Ысык-Көлдөгү Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка күнөөлөнүп, 2017-жылы 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалган. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.
Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурунку өкүлү Эмилбек Каптагаев жабырлануучу катары көрсөтмө берген. Ал судьянын "соттолуучу Садыр Жапаров менен мамилеңиз кандай?" деген суроосуна "мамилебиз өтө жаман, саясий душмандык мамиледебиз" деп жооп кайтарган. Садыр Жапаровдун "Мага дооматыңыз барбы?" деген суроосуна Каптагаев "менин эч кандай сизге дооматым жок" деп айтып, төрт жылдан бери ушул иш боюнча соттон башы чыкпай келатканын белгилеген.
Ал кездеги УКМКнын атайын өкүлү, 5-чи каналдан кубаланып чыгып, азыр Нарын облусуна губернатор болом деп чамынып жүргөн Рахат Сулаймановдун билдиришинче, тергөө 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарындагы митингдин катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ошол кездеги өкүлү Эмилбек Каптагаевди күчтөп машинеге салып, барымтага алганын аныктаган. “Каптагаев түшкөн автоунаа Садыр Жапаровдун бир тууганы Куланбаевге тиешелүү экени аныкталган. Куланбаев Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалып, аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси чечилүүдө», - деген Сулайманов. Бүгүн болсо Ак үйдү айланып таскактап калыптыр.
Мунун негизинде Жапаровго Кылмыш-жаза кодексинин 227, 341, 113 жана 234-беренесинин (адам өмүрүнө коркунуч келтирүү, барымтага алуу, ээн баштык, бийлик өкүлүнө күч колдонуу) негизинде кылмыш иши козголгон. УКМК 2013-жылдын 7-октябрындагы митингдин максаты облустук акимчиликтин имаратын басып алуу жана Ысык-Көлдөгү абалды туруксуз кылууга багытталганын, Жапаров митингди каржылаганын билдирүүдө.
Аталган орган тараткан билдирүүдө күбөлөр бул митингди жана андан кийинки мыйзамсыз иштерди Садыр Жапаров уюштуруп, уюлдук телефон аркылуу Эмилбек Каптагаевди бошотпоону буйрук кылганын, "мурда макулдашылган план" боюнча иштөө тууралуу көрсөтмө бергенин айтышкан. Милициянын операциясынан кийин Каптагаев бошотулган. Эмилбек Каптагаев Фейсбуктагы жеке баракчасына: «Мындан эки күн мурда Садыр Жапаровдун үстүнөн арыз жазган эмесмин, андай доо арыз жазууга менде негиз жок деп бул жерде жаздым эле. Ошондой эле жеке адам катары Садыр Жапаровго карата эч кандай доом жок, анын мага карата айтып, жазып жүргөн ушак деңгээлиндеги сөздөрүн да кечирдим дедим эле. Мына бүгүн өзү келиптир Кыргызстанга, чек арадан аны укук коргоо органдары тосуп алышып кармап кетишиптир, Коопсуздук кызматына алып келип камашыптыр деп окуп атам. Окуянын мындай жагдайда өнүгүшүнө нааразы болгон тарапташтары митингиге чыгышыптыр, бошотууну талап кылышыптыр. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш, түшүнүү менен эле кабыл ала турган. Бирок азыр видео-тасмалардан жүрөк оорута турган кадрларды көрүп турабыз, адамкерчиликке жатпаган жорукка күбө болуп жатабыз барыбыз. Жапаровдун балдарын көк ала койдой сабап, боор жагын басып кыйналып, онтоп жатканына карабай врач чакырбай турушканын кантип бейкапар карап отурууга болот? Барыбызда бала бар. Атасы камалып жаткан бала барат, күйүп бышат, балким ыза менен бир аз чектен чыгып, ашыкча эмоцияга алдыруусу да мүмкүн. Бирок ошончолук күч колдоно турган, ошончолук зомбулук менен баса турган кырдаал болгонун көрө алган жокмун ал жерден. Кандай коомдук толкундоо болбосун, кандай митинг болбосун милиция менен элдин ортосунда ары бери түртүшүү болот, бирок күч колдонуунун да чеги бар экенин унутпасак. Эми атасына кошуп балдарын дагы "тополоң уюштурган, бийлик адамдарына карата таш ыргыткан, күч колдонгон" деп камакка алуу, аларды да соттоого аракет кылуу акылга сыйбай турган иш болуп калат. Бийлик мына ушул жагын жакшы ойлонуп туруп иш кылса туура болот эле»-деп жазган.
Катышуучулардын айрымдары митинг учурунда мыйзамсыз аракеттерге барган деп камалышкан. 7-октябрда Караколдо болгон Кумтөр кенине каршы башаламандык уюштургандардын төртөө 4 жылдан 8 жылга чейин күчөтүлгөн режимдеги абакка, калган төртөө шарттуу мөөнөткө жаза алышкан.
Соттун чечими бир да мыйзамга туура келген эмес. Анткени соттук териштирүүдө сегизинин тең күнөөсү далилденген эмес. Жабырлануучулардын бирөө дагы соттолгон балдарды күнөөлүү катары тааный алган жок. Атүгүл Эмилбек Каптагаев өзүн барымтага алган балдардын арасында соттолуучулардын бирөө да болбогонун айтты. Ошондуктан бул саясий чечим болгон. Кылмыш иши боюнча бир да далил жок.
Ушул кезде соттун «аталыгы» Атамбаевдин оозун тиктеп турган, ал эми азыр мурунку президент Алмазбек Атамбаев Биринчи май райондук сотуна жеткирилди. Жактоочунун айтымында, Алмазбек Атамбаев сотко мажбурланып жеткирилген. Эске салсак, Биринчи май райондук соту 2020-жылдын июнь айында Атамбаевди аталган иши боюнча 11 жыл эки айга кескен. Бишкек шаардык соту бир айдан кийин райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg