www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокуратура УКМКнын 9-бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Дамир Мусакеевге тагылган айып боюнча түшүндүрмө берди.
Маалыматка ылайык, Мусакеев 2016-2017-жылдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 9-бөлүмдө иштеген өзүнүн жакын адамдарына мамлекеттик батирлерди ыйгарган.
"Турак жай кодексинин талаптарын одоно бузуп, узак мөөнөттөн бери күтүп кезеги келгендерди эске албай, акыркы кезектеги кызматкерлерге батир берген. Мындай мыйзамсыз жол менен 15 кызматтык батир берилген, анын ичинде мурда алган үч кызматкерге экинчи ирет кайталап берип салган", — деп Башкы прокуратурадан билдиришкенин жазат Спутник.кж.
Мунун кесепетинен алдыңкы кезекте турган, чынында эле турак жайга муктаж 18 кызматкер үй ала албай калган. Укугу бузулган жабырлануучулар УКМКга арыздангандан кийин кызматтык териштирүү жүрүп, аталган фактылар аныкталган.
"Мындан улам Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы Дамир Мусакеев Кылмыш кодексинин 320-беренеси боюнча ("Кызмат абалын өз кызыкчылыктарына пайдалануусу, атайылап же этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген") шектелип, ага кабарлама тапшырылды. Ал мыйзамсыз иштери менен мамлекеттик бийликтин беделин түшүрүп, жарандардын мыйзамдуу түрдө корголушу жана социалдык адилеттүүлүк боюнча ишенимин кетирди", — деп айтышат маалыматта.
Мындан сырткары, башкы көзөмөл органы "Кызматтык батирлердин бири да менчиктештирилген эмес, ошол эле учурда мамлекет чыгымга учураган жок" деген комментарийлерге да жооп берген. Бул жагдайда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганы жана башка кызматкерлердин укугу тебеленгени айтылат. Анан да белгилүү бир мөөнөттөн кийин жашап жаткан турак жайларын өзүнүн менчигине өткөрүп алууга укуктуу экени белгиленет.
Ошондой эле Башкы прокуратура буга чейин да ушул сыяктуу мыйзам бузуулар катталганын эскерткен.
Андан сырткары турак жайларды мыйзамсыз бөлүштүргөн деп Коргоо министри К.Өмүралиев жана орун басары Ж.Капаров баштаган министрликтин жогорку кызматтарында иштеген бир топ кызматкерлер кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Сот тарабынан күнөөлүү деп табылып, ар кандай жаза берилгенин билдирген.
Кошумчалай кетсек, буга чейин, Алмазбек Аатамбаевдин экс-жансакчысы болгон Дамир Мусаев суракка чакырылган. Ал эми бул сурактын негизсиз болгондугун айтып, Кундуз Жолдубаева Фейсбук баракчасында өз пикирин билдирген. Толугу менен төмөндө:
"Урматтуу достор! Дамир Мусакеев Алмазбек Атамбаевди БАЭ болгон жеке сапарында коштоп барган. Кечээ күнү аны аскердик прокуратурага суракка чакырышты. Кечинде Биринчи май райондук соту бөгөт коюуу чарасын карап – башка жакка кетпөө жөнүндө кол кат алуу чечимин чыгарды. Ал УКМКнын тогузунчу кызматын жетектеп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп эч негизсиз эле шектелүүдө. Кылмыш иши мамлекеттик кузөт кызматынын кызматкерлери арасында кызматтык турак-жайды бөлүштүрүү тууралуу болуп жатат. Баса белгилей кетчү жагдай, бир дагы кызматтык батир менчиктелген эмес. Демек, мамлекетке эч кандай материалдык доо кеткен жок. Биздин юристтердин айтымында Дамир Мусакеевге коюлуп жаткан доо юридикалык жактан алып караганда - келечеги жок. Ошондуктан биз бул иш саясый өӊүттө болуп жатат дейт элек. Баардыгана оркоюп эле көрүнөп калды, экс-президентти сатпай, Форумдан кетпей Алмазбек Атамбаевдин жанында калган адамдардын баарын жок кылуу буйрутмасы иш жүзүнө ашып жатат!"
Булак: NazarNews.kg