www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Уйкусу канбай, ал эмес президент Жээнбеков Жалал-Абадка келип жыйын өткөзүп жаткан маалда кызуу уйкуга кирген Сатыбалдиев Кыянбек берген арызына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Кыянбек Сатыбалдиев өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2016-жылдын октябрь айынан бери иштеп келе жаткан. Ал бул кызматка келгенге чейин 2015-жылы Атамбаев башында турган КСДПдан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
Уйкучу губернатор тууралуу
Президенттин жумушчу иш сапарынын алкагында өтүп жаткан жергиликтүү калк менен жолугушууларында көптөгөн көйгөйлүү маселелер көтөрүлүүдө. Бирок, айтылган сөз айтылган бойдон, берилген убада ошо бойдон унутта калат. Ал эмес Жалал-Абад облусунун активдери менен жолугушкан убакта, облустун губернатору Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматович баш болуп бул жыйынга катышкандар кызуу уйкуга киришкен. Президент Сооронбай Жээнбеков маанилүү маселелер менен сүйлөп жатса, ушул ишти чечкендер уктап жатышса кандай маселелер чечилет. Өкмөт менен тиешелүү адамдар ошондой маселелерди эстен чыгарбай, кылдат иликтеп чыгып, тийиштүү чараларды көрүшү керек.
Бул тууралуу депутат Калдарбек Баймуратов Жогорку Кеңеш жыйынында билдирген: «Мисалы, президент Көк-Жаңгак шаарына барганда жергиликтүү тургундар жедеп эскирип калган маданият үйүн оңдоп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Тилекке каршы, ал өтүнүч азыркыга чейин аткарылган жок. Мында көп жылдар мурда курулган ал имараттын архитектуралык баалуулугу бар. Өкмөт муну эске алышы керек», - деген депутат.
Өкмөт муну эске алган жок, бирок убакыт өткөзүп губернаторду кызматынан алды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы жарыялады.Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
“Жылкыга карап ышкырган” жылкы мүнөз Жылкыбаевдин “жылымтык” осурагы Ошту жыргатабы?
“Жылымтык” осурак сасык болот, жылымтык Жылкыбаев жылып Атамбаевге, жылып Жээнбековго кирип жүрүп Ошто ордун бекемдеп алды. “Жылкыга карап ышкырып, акчага карап иш кылган” Жылкыбаев Бостерини боздотуп, “бүргөнүн майын сызгырып, кумурсканын ичегисин артып жүрүп” элдин байлыгын топтоп алган. Байлык болгон соң бийликке жулунуп Эмилбек Каптагаевди капталынан мыкчып түшүп Ысык-Көлгө губернатор болгон, машинасын жөн айдай албаган Жылкыбаев ГАИлерге кор болуп жүрүп Атамбаевдин убагында акактай баштаганда, кийинки президент келип Ошко губернатор кылган. Ошко Үсөн Сыдыков, Сооронбай Жээнбеков сыяктуу бийликтин кулагын чойгон жигиттери түгөнүп калгансып дайыма түндүктүн жигиттерин алып баруу модасы бар. Илгери Султан Ибраимов, Амангелди Муралиевдер түзүк иштешсе керек, бирок Жаныш Рустенбеков, Бекболот Талгарбеков, Узарбек Жылкыбаев сыяктуу акча дегенде чалкасынан жата калып, капчыгын толтура тургандар Ош жакта деле табылса керек. Узарбек мырзанын учурунда экономика узарбай эле кыскарып баратат. Жылкы мүнөз Жылкыбаев акчага кенен тоюп “жыргап” баратат, Ош эли акчанын айынан поюз менен туш-тарапка кетти.
Атамбаевдин кадрларынан бийлик ичеги арткандай арыла баштады, уйкучу губернатор Сатыбалдиев Кыянбек кеткен соң кезек жылкы мүнөз Жылкыбаевге келди.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»