www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аксыда ата-энелер жана окуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, Аксы РИИБнин кызматкерлери Кербен шаарындагы №36 Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде окуучулар менен жолугушуу өткөрүштү. Бул жыйынга райондук мамлекеттик администрация, билим берүү, социалдык өнүгүү,  үй-бүлөнү коргоо, балдарды колдоо бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана мектеп окуучулары менен ата-энелер катышышты.

РИИБдин жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери ата-энелерди мектептен сырткары балдарына тыкыр көзөмөл кылууга чакырышты. Кышкы мезгилде кооптуу аймактардан чана, лыжа тебүүгө болбостугун эскертишип, ар түрдүү кырсыктардан оолак болууга үндөштү.

Мындан сырткары, жаштар арасында кылмыштуулуктун жана суициддин алдын алуу, топтошуп мушташууларды, мектеп рекетчилигин болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 

 

 

Булак:NazarNews.kg  

 

Последние новости