www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нурболот Мирзахмедов Өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду.  Бул тууралуу президенттин басма-сөз кызматынан маалымдашты.

Такталбаган маалыматтар боюнча Нурболот Мирзахмедов эми өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү кызматына бара турган болуптур. Ал эми өкмөттүн мурдагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев кечээ, 22-январда берген арызына байланыштуу кызматынан бошотулган. Ал бул кызматка 2016-жылдын октябрь айында дайындалган.

Айрым маалыматтар боюнча Кыянбек Сатыбалдиев 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого даярдык көргөнү кызматынан бошогон.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости