www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин 2024-жылы ыйгарым укуктары аяктагандан кийин «жетекчи» ролунда болбой турганын билдирди. Бул тууралуу ал Сочиде студенттер менен жолукканда айтты.

Президент студенттердин биринин суроосуна жооп берип жатып, Орусияда мамлекет башчысынан жогору турган институттун пайда болушу кош бийликти жаратарын жана ал өлкө үчүн зыяндуу болорун айтты.

 

Мындан тышкары Путин Липецк облусунун өкүлдөрү менен жолугуп, Орусиянын парламенттик башкарууга өтүшү максатка ылайык эмес экенин билдирди.

Президенттин пикиринде, өлкөдө «көп жылдык тажрыйбага ээ партиялар жок болгондуктан» жана учурдагы партиялар «конкреттүү бир адамдарга байланыштуу болгондуктан», парламенттик башкаруу формасы Орусияга ылайык келбейт. Мисал катары ал Орусиянын либералдык-демократиялык партиясын (ЛДПР) атады: - Жириновский бар — ЛДПР бар, ал жок — партия да жок, - деди Путин.

Мындан тышкары президент аянты чоң жана көп улуттуу өлкө катары Орусияга күчтүү президенттик бийлик керектигин жана башкаруу формалары менен эксперимент жүргүзбөө зарылдыгын белгиледи.

Путин жакында өлкө Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөргөн. Анда башка сунуштар менен катар Орусиянын Баш мыйзамында Мамлекеттик Кеңеш макамын калыбына келтирүү сунушу айтылган. Өлкөдөгү оппозиция өкүлдөрү мындай жол менен Путин 2024-жылы президенттик ыйгарым укуктары аяктагандан кийин Мамлекеттик Кеңештин башына барып, бийликте калышы мүмкүн экенин билдиришүүдө.

Последние новости