www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сирияда Орусия баштаган күчтөрдүн аба соккуларынан кеминде 40 адам мерт болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги күбөлөр менен куткаруучуларга шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, өлкөнүн түндүк-батышындагы чабуулдан улам 350 миңге жакын тургун үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болуп, он миңдеген адам Түркиянын чек арасын көздөй качты.

Декабрдын ортосунда Сириянын өкмөттүк күчтөрү орус авиациясынын колдоосунда Идлиб провинциясында чабуулун жанданткан. Ал куралдуу оппозициянын көзөмөлүндөгү Евфрат дарыясынын батыш жээгиндеги акыркы аймак болуп эсептелет. Гуманитардык уюмдардын маалыматына караганда, декабрдагы аба соккуларынан 22 адам мерт болгон. Мындан тышкары ооруканалар менен мектептер талкаланган.

Москва менен Дамаск бул айыптоолорду четке кагып, радикал экстремисттердин позицияларына гана сокку жасалып жатканын билдирип келишет.

АКШ башында турган эл аралык коалиция Сириядагы радикал исламчыларга каршы күрөшүн 2014-жылы баштаган. Коалиция Сириянын демократиялык оппозициячыл күчтөрүн колдойт. Орусия болсо Сириядагы аскердик кампаниясын 2015-жылы 30-сентябрда баштаган. Коалиция Сириянын президенти Башар Асадды колдогондугу үчүн Москваны бир нече жолу сындаган. Батыш өлкөлөрү Асадды адам укуктарын жапырт бузууга айыптап келишет.

Последние новости