www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков бир нече күн мурун Социалисттик интернационалдын башкы катчысы Луис Айяла менен жолукту. Тилекке каршы ЖК эл ишенген депутаты Луис Айялага «мени депутат кылыңыз», деп «чуть ли» ыйлап жибере жаздады. Эми ЖК депутаты Рыскелди Момбековдун Луис атасына айтып жаткан сөздөрүн окурмандарга сунуш кылалы…
«Бүгүнкү “КСДП партиясынын тагдырына кейип турам, ошон үчүн келип турам” дегениңиз бизди абдан кубандырат. Албетте, биз социнтерндин туруктуу мүчөсү катары сиздей тажрыйбалуу саясатчыдан жардам күткөнбүз, ошол жардамды сезип турабыз. КСДП Кыргызстандагы партиялардын эң авангарды десек да болот.
СДПК партиясы бүгүнкү күндө башынан оор күндөрдү өткөрүп жатат. Акыркы он жылдын ичинде аталган партиядан үч президент, эки спикер, үч премьер министр чыкканы бул партиянын алдыңкы сапта турганын кабар берет.
Быйыл кезектеги парламенттик шайлоо болот, биздин кейигенибиз ошол болуп турат, биздин партия шайлоого катыша алабы же жокпу бизге ошол көйгөй болуп турат. 5 айдан кийин президенттин жарлыгы чыгат, азыркы күндө белгилүү партиялардын бардыгы шайлоого катыша тургандыгын айтты. Биздин партия кийинки шайлоого катыша турганга көмөк көрсөткөнгө жардам берсеңиз, суранам”, - деди ЖК депутаты Момбеков.
Так ушинтип кыргыздын белдүү жигиттери океандын ары жагындагы адамдарга жалдырап жатса, кыргыз эли шоркелдей экен, жигиттери сазга эмес бокко тыгылган тура. Анчалык Момбеков кыйын экен Америкага барып жашап көрсүн, ал жактын мыйзамына туруштук бере алат бекен?! Бул жерде көкүрөгү сокур адамдарга “бирөөнүн катыны, бирөөгө кыз көрүндү” окшойт. Деги эле Момбеков чыныгы кыргыздын жигити болсо, “Луис ата, 2010-жылда кан менен ант менен бийликке келдик эле, колубуздан коко тыйын келген жок. Эми Кыргызстан стабилдешип турганда мурдагы президентибиз Алмазбек Атамбаев Кой-Ташта бизге окшогон мээси жок вазирлердин айынан камакка тыгылып, бир инсан өлүп, бири майып болду”, деп айтып койсо жакшы болот беле? – деген ой...
Рыскелди мырза, сизди “Манастын тукуму-Таластын уулу” дейт, андай бийлик үчүн кул мүнөздүк кылганыңыз туурабы?
Булак: NazarNews.kg