www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнө таандык делген "Апрель" телеканалына бир сааттык маегинен кийин коомчулукта ар кандай сын пикир жаралды. Баарынан кызыгы президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаевди "Мыйзамды бузуп болсо да Өмүрбек Текебаевди каматпай эле койсом болмок экен",- деди ал. Демек, бардык саясий иштер анын жеке көзөмөлүндө болгондугун ачыктап койду.
Ал эми Өмүрбек Бабановго карата кылмыш иши да негизсиз козголуп калганын мойнуна алды, андай боло турган болсо, азыркы бийлик ал ишти карап чыгып, саясий куугунтукту токтотууга тийиш.
Шайлоонун расмий жыйынтыгы чыгаар замат Бабанов маалымат жыйын өткөрүп, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун жеңишке жеткенин моюнга алып, сыртка чыгып кетти. Кийинчерээк, саясатка аралашпай тургандыгын айтып, мандатын тапшырып берди. Арадан бир жылдан ашуун убакыт өттү, бул аралыкта бир да жолу саясатка аралашкан жок. Мамлекеттик деңгээлдеги майрамдарда интернет аркылуу куттуктоо жасаганын эске албаганда бир ооз сөз сүйлөбөдү. Ал аталган кадамы менен сөзүнө турду деп айтсак болот.
Экс-президент куугунтук болгонун моюндап жаткан соң, бул иш токтотулуп, Бабанов өлкөгө кайтып келиши зарылдыгын коомчулук социалдык тармактарда талкуу кылып жаткан учуру.
Булак: NazarNews.kg