www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаевдин Шайлоо штабынын эсепчиси Надира Сатыгул кызы өлкөдөн чыгып кеткенин алгачкы жолу “Апрель” каналындагы маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаев билдирген. Кийин ал коопсуздугунан чочулганы үчүн ушундай кадамга барганын КСДПнын өкүлдөрү да ырастап, бирок кайсы өлкөгө кеткенин айтышкан эмес.

Шаршемби күнү экс-президент Алмазбек Атамбаев 11-январда Индияга эс алууга барары белгилүү болгон. Кундуз Жолдубаева ал партиялык иштерден улам кыска мөөнөткө эс алууга барып келүүнү чечкенин, мында саясат жок экенин белгилеген.

Надира Сатыгул кызы КСДПнын каржы иштери боюнча өкүлү болуп, 2015-жылы парламенттик шайлоодо партия тизмеси менен депутаттыкка да ат салышкан. Кийин анын уулу, БШКнын мүчөсү Адилет Сатыгуловдун да өлкөдөн чыгып кеткени айтылып, бирок, ал бир айдан кийин кайтып келген.

Мунун алдында укук коргоочу Нурбек Токтакунов "президент Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган" деген каражаттарынын тизмесин жарыялаган. Токтакуновдун айтымында, Жээнбековдун шайлоо штабы расмий түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына билдиргендей 158 096 175 сом эмес, 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 доллар иштеткен. Президенттин аппараты муну "фейк" маалымат деп мүнөздөгөн. 

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков Надира Сатыгул кызынын өлкөгө кайра кайтып келип, баарын айтып берүүсүн былтыр Басма сөз жыйынында айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости