www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин абактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Биринчи Май райондук сотунун билдирүүсүнө таянып, "Кабар" маалымат агенттиги жазды.
Андагы маалыматка ылайык, учурда соттук териштирүү жүрүп жаткандыктан судья Э. Каипов айыпталуучуну соттук териштирүүнүн мөөнөтү аяктагыча камакта калтырды. Мыйзам боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөтү эки айды түзөт. Чечим Атамбаевдин катышуусуз кабыл алынды.
"Эгер ал убакытта иштин каралышы аягына чыкпаса, ал дагы бир мөөнөткө жылдырылат", - деп билдиришкен Биринчи Май райондук сотунан.
Эскерте кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык схемалар, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, борбор калаанын ЖЭБине көмүр сатып алуудагы коррупция, Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо жана сатып алуу сыяктуу бир нече кылмыш иштерине шектелүүдө.
2019-жылдын 8-август күнү укук коргоо органдары Атамбаевди анын Кой-Таштагы үйүнөн кармап, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.
Булак: NazarNews.kg