www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кой-Ташта боз үйгө атайын аскерлер кирип барды. Бул тууралуу “Апрель” телеканалына жергиликтүлөр кабарлаган. Учурда интернет түйүнү начар болуп жаткандыгына байланыштуу маалымат алуу начарлады. Караңгыда эмне өрттөнүп жатканы экени белгисиз, короонун ичинде өрт жанданды.
Саламаттык сактоо министрлигинен саат 21:20га алынган маалымат боюнча Чүй облустук ооруканасына Кой-Таш айылынан төшүнө желим ок тийген эки адам жаткырылганын “Азаттыкка” кабарлаган.
Ушул тапта эки тарап кагылышууда. Электр жарыктары жана интернет өчүрүлдү. Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын топ боз үйгө кирип барды. Караңгыдан “элдерди атпагыла” деген үндөр угулуп жатат. Журналист Аман Бакировдун айтымында ок атуу убактылуу токтогон. Короонун ичинде бир нерсе күйүп жатат, эмне күйүп жатат, азырынча белгисиз, деди.
УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастады.
УКМКнын атайын дайындалган күчтөрү тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатат. Операция маалында атайын багыттагы аскерлер тарабынан согуштук курал колдонулган жок. Жоокерлер желим октор менен гана жабдылган. Учурда операция уланып жатат”, - деди УКМК.
Эске сала кетсек, ИИМ Атамбаевди 8-июлдан бери Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу үч жолу күбө катары суракка чакырган. Атамбаев суракка баруудан баш тарткан.
27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган.
Булак: NazarNews.kg