www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акылбек Жапаров деген көпөс депутат бар. Бүгүн Атамбаевди жамандаса оозунан кара көбүк буруксуйт. Бул “чиниш” кыргыз элин мите курттай соруп, көпөс болуп калышына түз эле Атамбаев себепкер. Анда Акылбек Жапаровдун Атамбаев менен тыгыз байланышын карап көрөлү:

  1. Чөнтөгүндөгү тыйынын санап жүрүп Политехти бүткөн Акылбек Жапаров Атамбаевге чөгөлөп келип саясатка аралашкан. Акча жеген жаатында идиректүү жигит экен деп Атамбаев жаңы түзүп жаткан СДПК партиясынын штабын жетектетип койду. Акча жеген жаатында идиректүү Жапаров тыйын санабай доллар санап калды.
  2. СДПКнын штаб начальниги Акылбек Жапаров Атамбаев эч нерсеге карабай “Киргизавтомашты” кайсап сугунуп, темир-тезегин Кытайга сатып жатканда, “Манастан Чубак кем бекен” деп “Киргизавтомашты”кошо талап, сата баштады. Путин Собчактын чемоданын көтөрүп жан сакчысы болуп жүргөндө, Атамбаев мульти-миллионер болсо, Акылбек Жапаров мультиси жок эле миллионер болгон.
  3. СДПК партиясынан депутат болгон Акылбек Жапаров, Акаевдин таманынан соргулап, Үзөңгү-Куушту сатуу үчүн жан аябай иштеп, Кытайдын төртүнчү бөлүмү тарабынан валюталарды күрөп турду.
  4. 2005-жылы оппозицияны сындап, Акаевге кошулуп оппозиция лидерлери Курманбек Бакиевдерге сөөмөй кесеп турган. Парламенттик шайлоодо Кочкор шайлоо округунан Усубалиев менен атандаш болуп чыгат. Усубалиевди болор болгуча шыбап, Кочкордун айылдарына электр берүү боюнча трансформатор, подстанцияларды орното баштайт. Бирок акча сүйүүчү Акылбек Жапаров депутатка өтпөй калып трансформатор, подстанцияларды чыгарып кеткен.
  5. Капыстан мурун сындап жүргөн Курманбек Бакиев бийликке келет. Бакиев жасакерликти сүйбөсө да Акылбек Жапаров “Ваше Высоко превосходительство” –деп падышага кайрылгандай кайрылып, президенттик аппарат жетекчиси Үсөн Сыдыковдун баскан изин чопулдатып өөп жүрүп, Финансы министрине жетет.
  6. Финансы министри болор менен дардаңдап кичи мекени Кочкорго барат да, аракка өкүртө тоюп алып, Курманбек Байтереков сыяктуу Кочкордун акимдерин коёнду аткансып, бутага алып мылтыгы менен аткылайт.
  7. Акылбек Жапаров финансы министри болуп турганда  Кочкордо катуу жер титирөө болот. Кочкор эли үйсүз калып кайгы-капа тартып жатса, Акылбек Жапаров кубанычын жашыра албай сүйүнөт. Көрсө, сүйүнүчүнүн себеби бар экен. Анткени, жер титирөөгө деп шылтоолоп акча бөлүп, миллиондорду кайсай берет. Акылбек Жапаровдун суктугунан ошол мезгилде жаңы курулган Ак-Жар, Ишеналы Арабаев мектептеринин шыптары курар менен түшүп, окуучулар ошондон бери азабын тартып жүрөт.
  8. Акылбек Жапаровдун алдым-жуттугун сезген бийлик аны финансы министинен көчүккө тээп кубалап чыгат. Эшиктен кууса, тешиктен кирген Акылбек мырза экономика министри болуп, Москвада соода үйүн курам деп, кайрадан май-каймакка кирет.
  9. 2007- жылдын октябрында “Данакер” орденин алган Атамбаев премьер-министрликтен айдалып баратып, ордуна вассалы Акылбек Жапаровдун талапкердигин көрсөтөт. Бирок, Акылбек Жапаров акча дегенде тирүүлөй өлүп каларын билген Бакиевдик бийлик аны премьерге алып келбейт.
  10. 2010-жылы 6-апрелде Өкмөттүн биринчи вице-премьери катары Таласка делегацияны баштап барып, оор кырдаалдарда Атамбаевге буйтап өтүп кетип, Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди оор акыбалга калтырат.
  11. Атамбаев президент болгон соң, куда болом деп жабышып калат. Атамбаев аны менен куда болбойт, бирок Финансы министрин экинчи ирет берет. Эми ал Атамбаевди “Ваше Высоко превосходительство” деп калат.
  12. Финансы министри катары насыяны эмес, алкоголдук ичимдиктерди ойлоп калган Атамбаевдин башын айлантып Кытайдан насыя алууга көндүрүп, “Датка-Кеминге”, ТЭЦке жана башкаларга насыя алып келип, миллиондорду кемирип жүргөн Акылбек Жапаров бүгүн чоочумуш болуп, анын барын Атамбаевдин мойнуна жүктөп жатат.
  13. 2015-жылы парламенттик шайлоодо СДПК, “Кыргызстан” партияларынын тизмесин  өзү каалагандай түзгөн Атамбаев, “Бир бол”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Республика-Ата-журт” партияларынын тизмесине көз жүгүртөт. “Ваше Высоко превосходительство” деп жүрчү Акылбек Жапаровдун талапкердигин “Бир бол” партиясына коштурат.
  14. Атамбаевдин таасири бийликте төмөндөөр менен эң алгач боссу Атамбаевди “кидать” эткен Акылбек Жапаров, эми болсо “Оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып” Атамбаевди жамандап отурат. Унчукпай шүк отурса болмок, Кытайдан алган насыяларга Атамбаев менен бирге ошол кездеги Финансы министри Акылбек Жапаров да жооп берүүгө тийиш. Акылбек Жапаровдун ким президент болсо эле куда болом деген амбициясы бар эле, бул жолу эми ишке ашып калса жооп бербей калышы ыктымаал.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости