www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында АКШ Кыргызстанга виза маселеси боюнча айрым чектөөлөрдү киргизген. Анда көбү АКШ тарапты күнөөлөп, Тышкы иштер министрлиги болсо АКШнын элчисин чакырып, андан кийин бул чечим эки өлкөнүн кызматташтыгына доо келтирет деп эле “ызылдап” калган. Өзүбүздүн кемчилигибизди көргүбүз келген эмес. Ким күнөлүү? Мен эмес, тээтиги?, - деген эле көнгөн обондорду созуп отуруп калганбыз.

АКШ болсо визалык айрым чектөөлөр жүйөлүү, орундуу экендигин түшүндүрүүгө аракет кылды. Кыргызстандагы американын элчиси Дональд Лу социалдык тармактардан түшпөй, актанып дагы жиберди.

Кыргызстанга Африка өлкөлөрү менен катар эле виза алууга чектөөлөр киргизилди. Эмнеге? Себептери көп. Бирок, негизгилеринин бири бул-паспорт маселеси. Кыргыз паспорту “жеңил ойлуулук” менен дүйнөгө тарап кетти. Аны эл аралык кылмышкерлер, террочулар, экстремисттер, шылуундар, тыңчылар деги кимдин гана жалкоолугу кармабаса оңой баага сатып алып, баркын кетирип жүрөт. Андай мисалдар чачтан көп. Бир эле мисал. 2016-жылы Түркиянын аэропортунда 90дон ашуун Кытай жараны Сирияга бара жатканда полиция тарабынан кармалып, алардын ар биринин колунда кыргыз паспорту болгон. 2017-жылы ислам республикасы кыймылынын (ИГИЛ) мүчөсү өзбек жараны Стамбулдун “Рейна” клубуна барып 39 адамды аткылап өлтүрүп салганда түрк полициясы дароо эле кылмышкер кыргыз жараны болушу мүмкүн деп болжолдошкон. Себеби, кыргыз паспорту бардык ыплас иштерде аты аталып жүрүп, кыргыз паспортунун изине түшүшкөн. 2019-жылы ошол эле Стамбулда эл аралык издөөдө жүргөн, кийин өлтүрүлгөн Саймаитинин жанынан кайсыл өлкөнүн паспорту чыкты эле? Мына ошол эле жылы Россиянын тыңчылары (шпиондору) Германияда кыргыз паспорту менен Грузиянын жаранын өлүтүрүп кеткендиги... Бул бир-эки гана мисал! Анан кайсыл өлкө жасалма паспорту дүйнөнү кыдырып кеткен өлкөдөн коргонгусу келбейт? Дагы чектөөлөр кирип калыптыр деп ачууланабыз.

Эми дагы бир жапжаңы мисалдардан келтирели.  Рrazdabz сайтына Кыргызстандын ID-паспортун ачыктан ачык эле сатып жатышат. Анда кыргыз паспортун болгону 15 миң рублга алууга мүмкүн экендиги жарнамаланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости