www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2017-жылы Пархати аттуу жаран Атамбаевден «НПП Форум» ЖЧКны алган. Пархати 2016-жылдын 16-январынан бери «Хуасинь» инвестициялык компаниясынын негиздөөчүсү болуп эсептелинет. 2015-жылдын 8-декабрында Токтосун Түмөнбаев «Хуасинь» ЖЧКны кайра каттоо үчүн Юстиция министрлигинин эсебине 247 сом төлөгөн. «Хуасинь» ЖЧКсы Чаткал районундагы сурьма кенин иштетүүгө уруксат алуу үчүн 1,5 млн сом бонус катары берген. Комиссия эсептегендей, аталган факт Пархати менен Түмөнбаев бириккен жак экенин далилдейт.

Түмөнбаев Касан-Сайдагы сурьма кенин иштетүү укугуна ээ болгон «Терексай жаштары» ЖКЧнын төрагасы болуп саналат. «Терексай жаштары» ЖЧКнын негиздөөчүсү — «Синьцзян эл аралык Бизнес Ру соода компания» ЖЧКсы. «АКА» ЖЧК менен Чолпон Абдилназаровна жана «Терексай жаштары» салык жана башка төлөм катары 276 млн сом төлөгөн.

2018-жылы «АКА Петролеум», «АКА Инвест» ЖЧКнын түзүүчүлөрү менен Касым Курбанов «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун 100 пайыз акциясын сатып алуу ниетин айтышкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости