www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык мэриясынын Жер жана курулуш башкармалыгынын жана “Тазалыктын” кызматкерлери Ататүрк паркындагы мыйзамсыз коюлган аттракциондорду алып башташты. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, паркта 28 мыйзамсыз аттракциондор бар.
Ошондой эле, муниципиалдык кызматы мыйзамсыз коюлган павилион жана киоскторду да алып жатышат.
“Түшүндүрмө иштеринен кийин кээ бир ишкерлер өздөрү алып жатышат. Мисалы, Некрасов менен Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан грильдин будкасы жана Патриса Лумумбы менен Билим көчөлөрүнүн кесилишиндеги павильон алынган. 4-кичи районундагы №48 үйүнүн жанындагы павильонду муниципалитеттин кызматкерлери алып салышты”,-деп мэриядан билдиришти.
Мэриядан билдиргендей, 2019-жылы мыйзамсыз 2 миң 659 объект алынган.
Булак: NazarNews.kg