www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн бизде тарыхый күн болуп жатат. Биз бүгүн ушул маселени чечпесек, эртең өтө оор болуп калат. Мындай пикирин бүгүн, 17-ноябрда депутат Ырысбек Атажанов билдирди.
"Эч качан трагедия кылбашыбыз керек. Чечилбесе тарегдия кылсак болот. Мамлекет үчүн ар бир жарандын өмүрү кымбат. Чечилбеген чек арада канчалаган чырлар болду. Канчалаган кан төгүлдү. Андыктан чек ара маселелерин чечүү керек.
Баарыбыз ынтымакка келели. Саясий топторго бөлүнбөй, Өзбекстан менен чек араны чечип алалы. Андан кийин андан оор, чырлуу, Тажикстан менен такталбаган жерлер турат. Мамлекетибиздин өнүгүшүнө, элдин жашоо турмушунун оңолушуна бардыгыбыз биргеликте салым кошушубуз керек. Бул ар бирибиздин милдетибиз.
Мен элдин, мамлекеттин келечеги үчүн бул ратификацияны толук колдойм", - деп билдирди депутат.
Булак: NazarNews.kg