www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскердик техникаларды алууга Кыргызстандын жарандары да өз салымын кошуусу керек. Бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, иштеген, жашы жеткен жарандардын баары курал-жарак сатып алуу үчүн айлыгынан 200 сомдон которсо болот.

"Эгерде жок дегенде бир миллион патриот 200 сомдон которсо, айына 200 миллион сом болмок. Бул каражатка аскердик техниканы гана сатып алса болот", - деп белгиледи депутат.

Атазов ошондой эле, бардык жарандар аскердик кызмат өтөөгө тийиш деп эсептейт.

"Байдын балдары альтернативдик кызматты өтөп жатат, кедейлер мөөнөттүү кызмат өтөп, чек араны коргоп жатат. Бардык улуттар: орустар, өзбектер, дунгандар, уйгурлар кызмат өтөшү керек. Ар бир адам аскерге алынышы керек», - деп кошумчалады ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости