www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Армениянын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Азербайжанды туткундарды кыйноого жана өлгөндөрдүн сөөгүн кордоого айыптады. Эл аралык мыйзамда мындай аракет аскердик кылмыш катары бааланат. Ереван кайрылуусун Европа сотуна жана БУУнун Эл аралык сотуна жолдоду.
"Соцтармактарда азери колдонуучулары тараткан бир катар видеороликтер Азербайжан куралдуу күчтөрүнүн аскердик кылмыштарын дилилдеп турат," — деп билдирди Армения ТИМи.
Текстте бул кырдаал боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүлүшү керек экени жазылган.
2-октябрда өлкөнүн акыйкатчысы Кристина Григорян азери-армян чек арасындагы чыр-чатак учурунда туткунга түшүп калган 7-8 армян жоокеринин сотсуз атылганы тартылган видеонун чын экенин тастыктады. Билдирүүдө окуя 13-сентябрда болгону жана ал жер аныкталганы белгиленген.
Буга чейин соцтармактарда 36 жаштагы Армениянын аял аскеринин сөөгү тартылган видео жарыяланган. Ал туткунга алынганы, зордукталганы, андан соң көзү оюлуп, колдорунун манжалары кесилгени, төшүнө азербайжан армиясынын "Яшма" атайын бөлүгүнүн аталышы жазылганы кабарланган. Армениянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Эдуард Асрян азери аскерлери бул кылмышты 16-сентябрда жасаганын маалымдаган.
Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги армян тараптын билдирүүсүн "эки жүздүүлүктүн үлгүсү" деп атады. Баку Ереванды аскердик кылмышка айыптап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну өтүндү. ТИМдин жообуна караганда, өлкөнүн Аскер прокуратурасы соцтармактарда жарыяланган видеолордун аныктыгын текшерүүдө.
Булак: NazarNews.kg