www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык "Астана" илимий комплексинин Экономикалык изилдөөлөр институтунун башчысы Мейрам Кажыкен "Аманат" кесиптик кошуундар бирлигинин атынан президенттикке талапкерлигин койду. Бул тууралуу "КазТАГ" агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, Кажыкенди талапкер катары алып чыгуу чечими кесиптик кошуундар бирлигинин борбордук жана аткаруу комитеттеринин биргелешкен жыйынында кабыл алынды.

Азырынча Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыжакенди талапкер катары каттаган-каттабаганы боюнча маалымат жок.

Мейрам Кажыкен эл аралык "Астана" илимий комплексинин Экономикалык изилдөөлөр институтун жетектейт. Мындан тышкары ал жаңы гана каттоодон өтүп жаткан Yntymaq партиясынын демилгелүү тобунун башчысы жана Заманбап коомдуу изилдөө институтунун директору катары белгилүү.

Партия түзүлгөнгө чейин Кажыкендин демилгелүү тобу Yntymaq координациялык кеңеши катары иш алып барып келген. Кеңештин катарына республикалык ("Аманат", Казакстандын эмгек конфедерациясы) жана тармактык (Казакстандын кесиптик кошуундар федерациясынын түрдүү бөлүмдөрү) кесиптик кошуундар бирикмелери кирген.

Кажыкен – президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөн үчүнчү адам болуп калды. 30-сентябрда бийликчил "Ауыл" партиясы президенттик кызматка коомчулукка анча таанымал эмес Жигули Дайрабаевдин талапкерлигин алып чыккан. 1-октябрда өзүн оппозиция катары көрсөтүп келген Казакстандын Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясы Нурлан Ауесбаевдин талапкерлигин көрсөткөн.

Президенттик шайлоого катышуу ниетин Казакстандын азыркы мамлекеттик башчысы, 69 жаштагы Касым-Жомарт Токаев да билдирген. Анын талапкерлиги “Аманат” партиясынын 6-октябрда өтө турган съездинде көрсөтүлөрү күтүлүүдө.

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 20-ноябрга белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости