www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шейшемби күнү, тагыраагы 19-февралда КТРКнын башкы директорлук кызмат ордуна талапкер катары арыз берген Элдар Аттокуров маалымат жыйын өткөрдү. Ал өз сөзүндө КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеевди сотко берээрин билдирди.
Аттокуровго байланышканыбызда:
«Ооба, мен Жыпар Жекшеевди өз милдетин так аткара албагандыгы үчүн сотко кайрылып атам. Жекшеев отставкага кетсин деген демилгени көтөрдүм. Себеби, баарыңыздарга маалым болгондой КТРКнын директорлугуна 22 киши арыз берген. 19-февраль күнү Жыпар Жекшеев төрагалык кылган Байкоочу кеңеш арыздарды карап, 9 кишинин документи жарактуу деп, 13 кишинин документтери жетишсиз (1-2 документи кем) болгондуктан жараксыз, шайлоого катыша албайт деген чечим кабыл алган. Мен бул чечимге макулмун. Документи жетишсиз болгондордун ичинде мен да бармын.
Бирок, Жекшеев мырза өзүм билемдик менен 10-15 минуттан кийин кайрадан карап, дагы 10 кишиникин жарактуу деп таап, 3 кишиникин жараксыз деген чечим чыгарып атат. 10 минут сайын чечим чыгара бергидей Байкоочу Кеңеш Жекшеевдин менчик уюмубу? Аксакалдык нарктан тайбаш керек эле. Бул кадамы менен регламентти, жобону бузуп атат. Байкоочу Кеңеш талапкерлердин документтерин кабыл алууну дагы шалаакылык менен уюштурду. Болбосо, мен баардык талаптар менен толук тапшырган документтерим кайда жоголуп кетет? Саясий чоң кызматка талапкерлер тандалып жаткандан кийин, документтерди урнага салып койгула дебей, ар бир талапкердин документин бирден карап, тыкыр текшертип кабыл алдырышы керек болчу Жыпар мырза» деген оюн билдирди.
Эгерде, Аттокуров сотко берип соттук процесс башталып кете турган болсо, КТРКнын директорун шайлоо дагы 2-3 айга созулуп кетпейби?..
Камчы Кадыров
Булак: “Де-Факто”