www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Бизге дал ушундай маалыматты аны көргөн-билгендер айтып келишти. Биздин билишибизче мындан 4 жыл мурун баш прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев 100 миңдеген жашылбайларды алуу учурунда кармалып, толук 1 жылдык сурактан кийин 14 жылга кесилген. Болгондо да жазасын күчөтүлгөн абак жайынан өтөмөк.

Кызыгы, 3 жыл мурун соттон 14 жылдык оор жаза алган Кыкеңерди ушул күндөрү Ысык-Көлдөгү "Лазурный Берег" пансионатында эс алып жүргөнүн көргөндөр каңкуулашса биз да ишенип-ишенбей туруп калдык.

Эгер чын эле ошондой боло турган болсо, анда Арпачиевдин мисалынан соң "өлкөдө коррупионерлер менен жемкорлукка каршы аеосуз күрөш жүрүп жатат" - деп тил безеп сайрашкандар бул жагына кандай жооп айта алышат болду экен?

Же эмне, учурдагы Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов бир кездеги кесиптешине карата "карга карганын көзүн чукубайт" мамилесин кылдыбы? А балким Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева мындай маалыматтарыбыздан кабардар болсо "ак же көк" деп бирдеме айтканга күчү келээр. А биз болгону күтө туралы, деп жазат “Айгай пресс” гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости