www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


“Ундун баасы эки эсе көтөрүлүп, эл кыйналып жатат. Монополияга каршы агенттик эмнени карап жатат?”

Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда КСДП парламенттик фракциясы Өкмөткө караштуу Монополияга каршы агенттиктин ишмердүүлүгү боюнча маселени кароо учурунда депутат Айнуру Алтыбаева аталган агенттиктин ишин сынга алып жатып айтып өттү. Анын айтымында, ун жана көмүрдүн баасы кескин көтөрүлүп кеткенине карабай агенттик эч кандай чара колдонбой жатат.

Алтыбаева агенттиктин директору Шухрат Сабировго кайрылып, “Базарда биринчи сорттогу бир килограмм ундун баасы 50 сом болуп жатат. 2017-жылы бир килограмм ундун баасы 22 сом деп бекитип бергенсиңер. Азыр баа эки эсе өсүп жатканда муну кандай түшүнсө болот? Көзөмөл жокпу же бул рынокпу?”, - деп суроо салды.

Сабиров баа бир ай ичинде 20 пайызга жогорулап кеткенде гана агенттик тарабынан мамлекеттик жөнгө салуу ыкмасы киргизилерин билдирди. “Жалал-Абад облусунда 1-октябрга салыштырмалуу ундун баасы 20 пайызга, Караколдо 17 пайызга жогорулады. Жалпы республика боюнча баа орточо 13 пайызга көтөрүлдү. Башкача айтканда, бир кап ун 200 сомго көтөрүлдү”, - деди Сабиров.

Депутат агенттик тарабынан минималдык эмес, максималдуу көзөмөл жүргүзүлүүсү керектигин талап кылды.

- Сиздер көзөмөл жасап, товарлардын сатылуусу бир баадан ашпашы керек. Унду ташып келип же өндүрүп жаткандар бааны 100 сомго көтөрүп жиберсе да карап отура бересиңерби? Көп балалуулар унду кап менен сатып алышат. Азыркы баа алардын үй-бүлөлүк бюджетине зыян берип жатат, - деди Алтыбаева.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости