www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тыңшоочу аппарат тууралуу маалыматы Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы билдирди.
Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы аталган маалыматты КРнын ККне “Жеке адамдын кол тийбестигин бузуу”, “ Жазышуунун сыры” жана “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен каттаган.
Сотко чейинки өндүрүш иши башталып, болуп өткөн окуянын аныктыгы тууралуу териштирүүү жүрүүдө.
“Бул иш боюнча 27-майда, Башкы прокуратурага расмий арызды мурунку президент Алмазбек Атамбаев жазган. Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет”, - деп билдирет Башкы прокуратурадан.
Булак:NazarNews.kg