www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Учурда социалдык тармактарда Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин айланасындагы окуялар күтүүсүз багытка бурулуп, ЖКнын "Бир Бол" фракциясынын депутаты Дүйшөн Төрөкулов (Душка) менен маркум Айеркен Саймаити Ош шаарындагы чайканалардын бириндеги чогуу түшкөн сүрөтү талкуу жаратты.  

Аны менен бирге эле Саймаити, Дүйшөн Төрөкулов жана Алтынбек Сулаймановдор Ош шаарында бир топ жылдар чогуу иштешкен деп жазылганы менен  "Азаттык" Саймаитинин бизнес өнөктөштөрү тууралуу кеп козгобогондугу айтылган.   

Канткен күндө дагы чуулгандуу окуя тууралуу ЖК депутаты Алтынбек Сулаймановдун жеке номерине байланыша албадык. Жалпы жергиликтүү ММКлар байланышып жүрүнгөн уюлдук телефондун колдонуучусу капилеттен “кызга” айланды. Ошентип азырынча депутат Сулаймановду телефон менен издеп тапкан жокпуз. Мүмкүн  “козу карындай” жайнаган ММКлардын бирине маек берип, агынан жарылып калат го деген үмүттөбүз.

Эске сала кетсек, 10-ноябрда ишкер Айэркин Саймаитини белгисиз жарандар Түркиянын Стамбул шаарында атып кетишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости