www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Жакында болгон “Макмалалтындагы” чырда алтын дегенде алкы бузулуп кеткен дайыма чырдын башында жүргөн Турсунбек Акун “Эр айдоочуну” минип алып жүрдү. 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтеш үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын курамынан мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун өз каалоосу менен чыкты. Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн комиссия биринчи жыйынга чогулганда, комиссиядан чыгуу тууралуу чечимин ал ошондо жарыялаган.

Кой-Таш окуясын иликтей турган мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Комиссияга Жогорку Кеңештин жети депутаты кирген.

Андан тышкары Коопсуздук кеңешинин, бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бар. Ошондой эле «Антитеррор-Альфа» коомдук бирикмесинин төрагасы Артур Медетбеков, коомдук ишмерлер Исмаил Исаков, Кубатбек Кожоналиев, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун жана эксперт Алишер Мамасалиев мүчө болгон.

Айрымдар Батукаевдин ишине байланыштуу Турсунбек Акундун аты аталып жатканын, комиссияга анын кириши туура эмес болгонун айтып чыгышкан. Ал эми Акун өзү комиссияга мүчө болуу жөнүндө сунуш өкмөттөн түшкөнүн айткан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости