www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
6-кичи районундагы эс алуу бакчасынын жанында көп кабаттуу имаратты куруу күтүлүүдө. Бул тууралуу 23-майда парламенттин отурумунда депутат Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, ага райондун жашоочулары кайрылган. Алар эс алуу багында “Бишкек курулуш” компаниясы көп кабаттуу элиталык үй курганы жаткандыгын билдирген. Жашоочуларды таң калтырганы, куруучу компания кайсы негизге таяп, эс алуу жайынан үй курууга жер бөлдүрүп алган.
“Жашоочулар буга кабатыр болушууда. Ансыз деле эс алуу жайлары аз. Ал жакта курулуш башталса, башаламандык башталат. Жашоочулар курулуш иштерине жол бербейт. Мен да аларды колдойм. Жерди канчага сатышты? Мындай майлуу жер оңой-олтоң келе калбайт. Жашыруун алган документтерин көрсөтүшсүн. Ошол себептен мэрия жана Мамлекеттик архитектура курулуш аркылуу бардык документтерин мага көрсөтүүсүн талап кылам. Мен жашоочуларга курулушту болтурбоого жардам берем”, - деп айтты депутат Д.Бекешев.
Булак:NazarNews.kg