www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Бир учурда борбор шаардагы унаа токтотмолордон акча алып, кийин жемкорлук күчөп кеткенде тыюу салынган эле. Бул эл үчүн жакшы саамалык болгон. Тилекке каршы, элдин капчыгына көзүн кызарткан шаар мэри А.Суракматов унаа токтотуучу жайлар үчүн кайрадан акы алганы жатат. Алганда дагы «энесин үч коргондон көрсөтүп», жон терисин шылый чапканы турат. Маселен, бир унаа бир саатка турса 30 сом, андан кийин ар бир саатына кандайдыр бир сумма кошулуп көбөйө берет.

Унааңыз бир сутка туруп калса оңбогондой сумма төлөөгө милдеттүүсүз. Муну маданияттуу жемкорлук же чаламайдын чак түшүндө элдин капчыгын кагуу десек аша чаппайбыз. Андан дагы жаманы, эми базарлардын тегерегин гана эмес, бүт көчөлөрдү ишкерлерге сатып, ар бир унааны токтогон жеринен саай баштайт. Чечим кабыл алаарда ойлонбойлубу!..

Бул тууралуу "Мантыш" гезитине шилтеме берип, NazarNews.kg сайты жазып чыкты. 

 

Последние новости