www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Сууларыбыздын көптүгү кыргызды коррупционер кылып да бүттү. Эгемендик алгаңдан бери эл башына мыкты иш билги бирөө келгенде суунун өзүн, ал иштеп чыккан энергияны сатып эле Скандинавия өлкөлөрүнө окшоп, жашоо деңгээлибиз эң жогору өлкө болуп жашамакпыз. Арабдарга окшоп ар бир балабыз төрөлөр замат банкта ачылган эсебинде өз үлүшүндө алтыны бар адам болмок. Азыркыдай болуп ар бир кыргызстандыктын мойнунда тышкы карыздын эсебинен деп $ 695,65 (доллар) илинип турмак эмес.

Бул ой "Улуттук энергохолдинг" акционердик коомуна депутат Айтмамат Назаров башчы болуп отургандан кийин келип жатат. Мурдагы жетекчиси Азамат Абдыкадыров арыз жазып иштен кеткен эле. Жогорку Кеңештин эки фракциясы, бир комитети "Улуттук энергохолдинг" акционердик коомун жоюп, энергетика министрлиги кылып кайра түзүп, мунун курамына отун-энертетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамагенттикти да кошуу керек деп өкмөткө тапшырма берген эле.

Фракциялар, буларга кошулуп өкмөт менен президет чын ниетинде эле энерготармакты элибиздин негизги киреше булагына айланткысы келсе, энергия иштеп чыккан станцияларды, энергияны ташып жеткирген жана бөлүштүргөн ишканаларды бириктирсе, аларда уурдап суу сатмай, энергия сатмай токтосо, ошондо элибиз арабдардай асманга түкүрүп жашайт беле деген ой да.

Булак: "Ачык саясат"

 

Последние новости