www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан өсүмдүк түспөлүндөгү ири баңгизатты даярдоо жана сатуу менен алектенишкен Талас облусунун тургундарынан түзүлгөн кылмыштуу топтун ишмердигине бөгөт коюга багытталган атайын операциясы жүргүзүлдү.

ИИМдин БМЖКККнын Ыкчам-иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тинтүү иш-чарасын жүргүзүүнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн биринин үйүнөн 49 килограмм 600 грамм салмагындагы марихуана баңгизаты табылып алынды.

Андан кийинки жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө талаада индия марихуанасын эгип, өстүрүп жүрүшкөндүгү аныкталган. Жалпысынан ал жактан 2 тонна 5 килограмм каннабис алынды.

Азыркы учурда аталган кылмыш ишине тиешеси башка адамдарды тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат, деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости