www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Балтадагы “Жунда” заводу өз билимдик кылып, санитардык нормаларды бузуп жатат. Бул тууралу жарандык активист Мелис Аспеков NazarNews.kg сайтына билдирди. Айтымында, жергиликтүү тургундар ага телефон чалып, жеринде иликтеп берүүнү суранышкан.
Активистке жеткен маалыматтарга караганда, кытайлар заводдун айланасындагы дачаларды сатып алышкан. Учурда документ боюнча 18 гектардай жер, 11 кашар калган. Муну “Чайна Петрол Компани (Жунда)” 2013-жылы 800 миң АКШ долларга сатып алмакчы болгондугун Аспеков өз сөзүндө белгилейт.
- 20 гектар санитардык зона бар. Ал жерде эч нерсе болбош керек. Булар болсо эч нерсени уруп ойнобой ошонун жанына эле булар өздөрүнүн заводун куруп алышыптыр. Тиги кишиден (ред.: кашардын ээсинен) сатып алышы керек болучу. Бирок сатып алышкан эмес. Азыр ал адамдын малдары ооруп, “завод кара түтүндөрдү чыгарат”-деп атат. Ошол санитардык зона маслелесин чечпей эле куруп салышыптыр. Мына маселе ошондо болуп атат, –дейт Аспеков.
Ошондой эле Аспеков 8-сентябрь күнү маселени жеринде байкаштырып, баардыгын видеого тартып келүү үчүн бара турганын айтты.
Булак: "NazarNews.kg"