www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


«Жоо кеткенден кийин» кылычын көтөргөн «кыйындар», «Мен, мен, мен» деп өздөрүн көрөгөч сезген сөрөйлөр, Учур чакты же келечекти эмес, өткөндү каңтарган демагогдор, Баатырлар жокто пайда болгон «маскарапоздор», жана башка, жана башка ушул  сыяктуулар...

Суроо: Эгерде ошолор ошончолук таза периште болушса, учурда чукуп жатышкан кемчиликтерди ошол учурунда эмнеге айта алышкан жок? Бүгүн божурап жатышканындай чындап эле мамлекетгин тагдырына күйүшсө, минтип түштөн кийин күңгүрөнүп атышкан «акыйкатын» убагында эмнеге айтышпады? Карасаңар, азыр баары өздөрүн аппак таптаза периштедей көрсөтүп жатышат. (Жалгыз бир эле адамды мокочо, желмогуз кылып көрсөтүп.) Кокус, бүгүнкү Көч башындагы башчынын буту непадам үзөңгүдөн тайып кетсе, ошол замат «обон-дорун» өзгөртүп, беттери бир чымырабай жаңы кожоюндун ырын ырдап кете беришет.

Өлкөнүн, элдин, кайсы бийлик болсо да трагедиясы ушунда! «Бийликтин бекем тиреги бекем принциби жок адамдардан куралат» деген сөздүн да чындыгы ушунда белем.

... Анан да кээси өмүр бою мамлекеттик кызматтарда жүрүшсө да, бүгүнкү айтып жаткандарына кулак төшөсөң жаңы эле башка планетадан түшкөндөй кургак, кур сөздөрү менен коомчулуктун башын айлантып жатканынын угуп жаканды кармайт экенсиң.

Эгер алар чындап эле ак болушса, (өздөрү айткандай элдин жыргалчылыгын алдыңкы орунга коюшса) кыйын болушса, бүгүнкү айтып жаткан кебин, кемчиликтерди да убагында жалтанбай айтып, мамлекеттин мүдөөсү үчүн 30-жылдардагы улуттун чыныгы элиталарындай баштарын канжыгага байлап коюшмак... (!) Эгер, коом чындап таза болсун десек, «ырыс алды ынтымак» десек, өлкөбүз чындап өнүгүп-өссүн десек ушундай көп жүздүү кошоматчы «стереотиптерге» каршы Кыргызстанга мамлекеттик чыныгы идеологияга аба менен суудай керек болуп турат. Бир болсо натыйжа ошондо чыгат...Журналист Кенжебек АРЫКБАЕВдин ачуу чындыгы “Айгай пресс” гезитинен алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости