www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети бүгүн, 28-майда Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчиси кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин карайт. Догоевди бул орунга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөткөн. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин буга чейинки төрагасы Бакыт Шаршембиев 21-майда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.
Дастан Догоев буга дейре Мамлекеттик каттоо кызматын башкарган. Учурда президенттин коомдук кеңешчиси.
Ал паспорт жана тендер чырында боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) күбө катары сурак берип чыккан.
Булак:NazarNews.kg