www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Акыркы мезгилде көп министрлер отурган ордуларынан ооп, каникул алдында бир тазалануудан өтүштү. Сооронбай Жээнбеков президент боло электеги министрлердин саны азайып баратат, алардын бири Гүлмира Кудайбердиева.

Бир эле учурда Бүткүл дүйнөлүк Банктын «Билим берүү тармагында реформаларды колдоо» долбоорунун негизинде 33 наамдагы 3 миллион окуу китеби чыгарылган. Билим берүү министрлиги тарабынан «Билим компьютерс» ЖЧКсы контракт түзгөн. Контаркттын негизинде контракт түзгөн «Билим компьютерс» ЖЧКсы текст, сүрөттөрү менен окуу китептерин даярдап, бардык кемчиликтерге жооп берет. Кетирген каталарга да «Билим компьютерс» ЖЧКсы жооп бермек. «Билим компьютерс» ЖЧКсынын жетекчисин министр Гүлмира Кудайбердиева алып келген. Болбосо ката кетирип мектеп окуучуларынын убалына калган «Билим компьютерс» ЖЧКсын жоопко тартмак. Бул долбоорду каржылоо боюнча Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы ортосунда келишим 2013-жылдын 9-октябрында түзүлүп, 2014-жылдын 4-мартында ратификацияланган.

2016-жылдын 10-майында Бүткүл дүйнөлүк банк кызыкдар ишканаларга техникалык жана каржылык сунуштарын көрсөтүүнү талап кылган. «Билим компьютерс» ЖЧКсы 2016-жылдын 7-июнунда техникалык жана каржылык сунуштарын көрсөткөн. 2016-жылдын 29-июнунда «Билим компьютерс» ЖЧКсы менен окуу куралдарын жасоо боюнча сүйлөшүүлөр болгон. 2016-жылдын 5-августунда «Билим компьютерс» ЖЧКсы менен контракт түзүлөт. Бардык жоопкерчиликти «Билим компьютерс» ЖЧКсы мойнуна алат. Билим министринин 2016-жылдын 14-сентябрындагы №1277/1 буйругунун негизинде каталарды текшерип туруу үчүн Координациялык Кеңеш эксперттик топтор түзүлгөн.

Азыркы учурда окуу китептериндеги каталар тууралуу аябай жийиркенүү менен сөз кылса болот. Чындыгы бар мектеп окуучулары китепти карап жазганды үйрөнүшөт, эгер китепте ката болсо алар өмүр боюу ката жазып калышат. «Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат» ушундай ката окуу китеби менен окуган окуучулардан эмнени күтүүгө болот? Ал эми билим берүү министри кенебей: «Ката болсо эмне экен» -дегени да өтө өкүнүчтүү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, “NazarNews.kg

Последние новости