www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Саясатчы Равшан Жээнбеков айрым маалымат каражаттарынын үстүнөн жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздарды караган комиссияга даттанды. Бул тууралуу аталган комиссиядан маалымдашты.

Маалыматка таянсак, 14-15-августта 3 сайтка, тактап айтканда, «Русская весна» порталына, «paruskg.info», «stanradar.com» интернет-басылмаларына «Равшан Жээнбеков АКШнын атайын кызматына иштейт», «Мамлекеттик төңкөрүш жасаганга аракет кылып жатат» деген өңүттөгү бири-бирине окшош макалалар чыккан. Саясатчынын белгилөөсүндө, “Русская весна” орус өлкөсүнө таандык болсо, калган экөө Кыргызстанда катталган. Мындан улам Равшан Жээнбеков ал сайттарда жазылган макалалардын этикалык жагын карап берүүнү суранып, Жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздарды караган комиссияга кайрылган.

Аталган комиссия мүчөлөрү саясатчынын арызын карап жатканы маалымдалды.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости