www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кримтөбөл Азиз Батукаев мыйзамсыз бошотулуп, кызыл килем менен узатылган маалда барыбыздын ичибизден кан өткөн. Жер муштаганбыз. Кудайдын көзү түз экен, ошол иш кайра козголду. Күнөөлүүлөр каз катары менен темир торго киргизилүүдө. Үч күн мурун эң башкы күнөөкөр деп эсептелген мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов камалды. Бул кадамды эл абдан кубаттады. Чындыгында туура чечим болду. Эми калган экс-жетекчилер дагы киргирилиши керек.
Өкүнүчтүүсү, темир торго киргизилгендер алкымы бузук соттор тарабынан бошотулууда. Буга тийиштүү чара көрүлбөсө, жакынкы күндөрдө элдин өтө чоң нааразычылыгы туулат. Анткени, мурдагы Саламаттыкты сактоо министр Динара Сагинбаева 15-майда камакка алынып, кечээ чыгарылды. Мындай мышык-чычкан оюнду эл көтөрө албайт. Бүгүн камап коркутуп, эртеси алаканын майлатып чыгара бергидей мамлекет буларга оюнчукпу?
Булак: "De-facto"